Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Лейлекте мектеп алдындагы чатыр кулап, үч окуучунун буту сынды


Лейлекте мектеп алдындагы чатыр кулап, үч окуучунун буту сынды

Баткендин Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагына караштуу Эгемендүүлүк атындагы орто мектептин алдындагы чатыр кулап, 9 окуучуну басып калган. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “Азаттыкка” кабарлады.

Окуя 14-декабрда танапис учурунда болгон. 9 окуучунун төртөө учурда ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, үчөөнүн буту сынып, бирөө жеңил жаракат алган.

Мектеп алдындагы чатырча 2013-жылы курулган. Ал карды көтөрө албай, сынып кеткен. (JsA/UEz)

XS
SM
MD
LG