Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Жон Керри Москвага келди


Жон Керри менен Сергей Лавров. Москва, 15-декабрь
Жон Керри менен Сергей Лавров. Москва, 15-декабрь

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага келди. Сергей Лавров Керри менен сүйлөшүүнүн алдында Орусия Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салууда Киевге таасир этүү үчүн Вашингтон өзүнүн таасирин пайдаланат деп күтүп жатканын билдирди. Донбасс боюнча Минск тынчтык келишиминин шарттарын аткаруу маселесинен сырткары Керри Сириядагы кырдаалды чечүүгө багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулоону мерчемдеген.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сириядагы кризисти чечүүгө карата Орусия менен АКШнын көз карашы мурдагыдай эле эки башка бойдон кала берүүдө. Вашингтон жана анын союздаштары Сириянын азыркы президенти Башар Асад кызматынан кетмейинче кырдаалды жөнгө салуу мүмкүн эмес деген пикирде. Орусия болсо буга макул эмес. АКШнын президенттик администрациясынын маалыматы боюнча Керринин сүйлөшүүлөрүндө Орусия менен Түркия ортосундагы мамиленин чыңалуусу боюнча маселе да көтөрүлөт. Бул Жон Керринин жыл башынан берки Орусияга экинчи сапары.(KJ)

XS
SM
MD
LG