Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Швециянын соту Өзбекстандын жараны Юрий Жуковскийди 18 жылга соттоду


Юрий Жуковскийдин соту
Юрий Жуковскийдин соту

Швециянын Эстерсунд шаардык соту Өзбекстандын жараны Юрий Жуковскийди көрүнүктүү өзбек динаятчысы жана Каримов режиминин сынчысы Обид Назаровго кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, он сегиз жылга абакка кести. Бул ишти иликтеп, сотко алып чыккан Швециянын прокурору Кристер Петерсон Назаровдун өмүрүнө кол салууга расмий Ташкен буйрук берген деген ойдо болуп, бул иште аткаруучу катары каралган айыпкер Жуковскийди өмүр бою эркинен ажыратууну сураган эле.

Жабыркаган өзбек динаятчынын уулу Давудхон Назаров соттун чечими аны канааттандыра турганын айткан. Орусияда кармалган Юрий Жуковский быйыл 25-августта Швецияга алынып келинген болчу. Ал 2012-жылы Обидхон кары Назаровду Швециядагы үйүнүн кире беришинен аткан деп шектелип, ага издөө жарыяланган.

Обидхон Назаров Ташкендеги көрүнүктүү имамдардын бири катары 90-жылдары Өзбекстанда таанымал болчу. Кийин ал расмий Ташкендин динди кысымга алган саясатына каршы чыкканы үчүн куугунтукталып, 1998-жылы өлкөдөн качкан. Казакстанда көп жыл жашырынып жүргөн Обидхон Назаров 2006-жылы Швециядан саясий башпаанек алган болчу.(KJ)

XS
SM
MD
LG