Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Жаңы аскерий коалиция түзүлдү


Сауд Арабиянын коргоо министри Мухаммад бин Салман аль-Сауди
Сауд Арабиянын коргоо министри Мухаммад бин Салман аль-Сауди

Сауд Арабиясы террорчулукка каршы аскерий коалиция түзүлгөнүн жарыялады. 34 өлкөнүн башын бириктирген бул жаңы альянска 18 араб мамлекети кире турганы белгилүү болду. Калгандары Азия жана Африка өлкөлөрү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын коргоо министри Мухаммад бин Салман аль-Сауди билдирди. Министр жаңы аскерий блок “Ислам мамлекети” тобуна гана каршы эмес, башка террорчул уюмдарга да каршы чара көрүүнү максат кылаарына басым жасады. Башкы штабы Эр-Риядда жайгаша турган бул коалициянын мүчөлөрү террорчулук менен күрөштө аскерий гана эмес, башка тармактар боюнча да кызматташуу тууралуу макулдашышты. Министрдин пресс-конференциясынан кийин Уганда мамлекети бул коалицияга кошулуу ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG