Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кыргыз-орус славян университети окуу акысын 10 пайызга көтөрдү


Кыргыз-орус славян университети
Кыргыз-орус славян университети

Кыргыз-орус славян университети рублдын куну түшкөндүгүнө байланыштуу окуу акысынын бир жылдык баасын 10 пайызга көтөрдү. Бул тууралуу университеттин ректорунун жардамчысы Евгений Гарьковец “Азаттыкка” билдирди. Окуу акысы чет элдиктер үчүн жети миң сомго, жергиликтүүлөр үчүн 10 пайызга көтөрүлгөн.

Евгений Гарьковецтин айтымында, окуу жайдын 40 пайызы Орусиядан рубль менен каржыланат. Азыр орус акчасын сомго алмаштыруудагы айырмачылык 90 млн. сомго жеткен.

- Рубль мурда 1,50-1,60 тыйын болсо, азыр бирге-бир болуп калганын баарыбыз билебиз. Орусия бизге рубль менен акча которот, биз сомго алмаштырганда мурдагыдан 90 млн. сом аз түшүп калды, - деди Гарьковец.

Буга чейин окуу жайдын мугалимдери ректордун наамына маянаны көтөрүү жана сый акыны өз маалында төлөө талабы менен кат жолдошкон. Натыйжада окуу жайдын жетекчилиги акча айырмачылыгын толуктоо максатында студенттердин контрагынын суммасын жогорулаткан. (SDz/UEz)

XS
SM
MD
LG