Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы жыйынтыкталды


Кыска метраждуу тасмалардын мурдагы сынагы, 15-декабрь, 2012-жыл.
Кыска метраждуу тасмалардын мурдагы сынагы, 15-декабрь, 2012-жыл.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузия катышкан эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды. Фестиваль 12-15-декабрь күндөрү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өттү. Тасмалар улуттук жана эл аралык болуп эки багытта сынга коюлду.

Эл аралык сынактан баш байгени казакстандык режиссер Дархан Тулегеновдун "Таңкы шооланын нуру” тасмасы алды. Бул фильм мыкты актерлук роль үчүн да кошумча байгеге татыктуу деп табылды.

Улуттук сынакта Кымбат Адылбекованын "Таксист" фильми "Мыкты тасма" аталды. Баш байгелерге акчалай сыйлык да каралган.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы бешинчи жолу уюштурулду. Шарт боюнча, эл аралык тандоого ар бир өлкөдөн бирден гана фильм катыша алат. Быйыл сынакка чет элдик 13 тасма түшкөн. Улуттук сынакка 16 фильм ат салышты. (AiA)

XS
SM
MD
LG