Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Орусиянын соккулары Сирияда кырдаалды чыңалтканы айтылууда


Орусиянын Сириядагы аскерий-аба операцияларынан улам бул өлкөгө жиберилген гуманитардык жардам азайып, кырдаал оорлоп жатканын The Washington Post гезити БУУнун жана жарандык уюмдардын маалыматына таянуу менен жазып чыкты. Анда Түркия согуштук учагын атып түшүргөндөн кийин Орусия Сириянын оппозициялык топтору жайгашкан жерлерди бутага алып, абадан соккуларды күчөткөнү айтылат.

Ошондой эле Сирия менен Түркиянын ортосундагы гуманитардык жүк ташылган жолдорго да чабуул жасалып жатканы белгиленген. БУУнун баяндамасына таянсак, буга байланыштуу көпчүлүк уюмдар гуманитардык жардамдын көлөмүн азайтууга мажбур болууда. Анын кесепети миллиондогон карапайым сириялык жарандарга тийип жатат.

Сентябрда Москванын операциялары башталгандан бери кеминде 20 медициналык жай орустардын соккусуна кабылган.

The Washington Post басылмасы Орусиянын аба күчтөрү жарандык инфраструктураларга да сокку уруп жатканын, анын ичинде кампалар, нан чыгаруучу комбинат, суу тазалаган курулуштар, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү борбор бар экенин айткан бир нече эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн билдирүүсүн жарыялады.

БУУнун атын атабаган кызматкери болсо Орусиянын соккуларынын натыйжасында 260 миңге жакын адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун кабарлаган. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG