Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Казакстанда доллардын наркы кескин көтөрүлдү


Казакстандын Улуттук банкы доллардын өсүү, теңгенин алсыздануу себептерин атады. Мекеменин билдирүүсү боюнча, теңгенин наркы дүйнөлүк базарга жана Казакстандын өзүндөгү чет элдик валютага болгон суроо-талапка көз каранды.

2014-2015-жылдары мунайдын баасынын арзандашы экономикага таасир этип, ички акча базарындагы тең салмактуулуктун жоголушуна алып келди. Муну улай ушул айдын башынан бери Brent үлгүсүндөгү кара майдын баррели 44,4 доллардан 37,8 долларга түшүп, 15 пайызга арзандоо менен валюта базарындагы олку-солкулукка көмөктөштү.

Улуттук банк эл аралык базардын таасирине байланыштуу абалды жөнгө сала албай турганын моюнга алды. Казакстанда азыр бир доллар орто эсеп менен 337,8 теңгеге барабар болууда. Жыл башынан бери теңге долларга карата 85 пайызга алсызданды. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG