Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:45

Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги талкууга коюлат


Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар. Христиандар жүз миңдин тегерегинде.
Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар. Христиандар жүз миңдин тегерегинде.

Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча иш жүргүзгөн “Ачык позиция” укук коргоо уюму өлкөдө 2015-жылдагы диний кырдаалга байкоо салып, баяндама даярдады. Экстремизм көйгөйү быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу курчугандыктан, баяндамага адистер актуалдуу деп эсептеген бир катар маселелер камтылган.

"Ачык позиция" уюму бул жаатта бүгүн тегерек үстөл Бишкектеги “Хаят” мейманканасында болорун, ага дин тармагындагы серепчилерден тарта мамлекеттик органда иштеген жооптуу кишилер чакырылганын маалымдады.

Кыргызстанда диний кырдаал орчундуу маселеге айланганы жогорку бийлик даражасында айтылып келет. Өлкө калкынын негизги бөлүгүн мусулмандар түзөт. Христиан дининдегилер жүз миңден ашат. Андан башка дин өкүлдөрү көп санда эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG