Бүгүн Кытайдын Чжэнчжоу шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны соңуна чыгууда. Ага Кыргызстандан өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган делегация да катышып жатат.
15-декабрда премьер-министрлердин өзүнчө сүйлөшүүсү болуп, андан кийин кеңейтилген форматта уланды. Негизинен экономикалык багыттагы кызматташтык талкууланып, бир катар биргелешкен жыйынтык документтер кабыл алынары кабарланган.
Шейшемби күнкү жыйында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгы белгиленген. Кытай өкмөтүнүн башчысы Ли Кэцян, "үч тараптуу сүйлөшүү тез арада" өтүшү керектигин жана 2016-жылдын биринчи жарымында бир чечимге келүү зарылдыгын айткан.
ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынынан соң премьер-министр Темир Сариевдин Кытайга бир күндүк расмий сапары башталат. (SE)