Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:28

Москвада Керри Путин менен жолугушууда


Жон Керри Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Жолугушуунун башында Керри Путинге “АКШ сиздин бул маселелерди чогуу кароого ынтызарлыгыңызды жогору баалайт” деп билдирди. Ошондой эле Керри бул сүйлөшүүлөрдү Сириядагы кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуунун мүмкүнчүлүгү деп атаган. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Орусиянын тышкы иштер министри менен үч саатка чукул жолугушуу учурунда “узун тарыхы бар, кубаттуу мамлекеттер бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дүйнөдөгү тынчтыкты камсыздаш үчүн тил табышууга мүмкүнчүлүк бар экенин” айткан болчу.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG