БУУнун Гаагадагы аскер трибуналы Серб режиминин мурдагы эки жогорку даражалуу аткаминеринин ишин кайра кароону милдеттендирди. Слободан Милошевичтин колунда иштеген бул эки жетекчи 90-жылдардагы Балкан согушундагы аскердик кылмыштарга айыпталып, бирок кийин акталышкан.
15-декабрда эл аралык кылмыш трибуналында төрагалык кылган судья Фауста Покар Йовицы Станишич жана Франки Симатовичке чыгарылган актоо өкүмүн бузду.
Станишич жана анын орун басары Симатович 1998-жылы кызматтан кеткенге чейин Сербиянын мамлекеттик коопсуздук кызматын башкарышкан. Прокурорлор алар жетектеген атайын кызмат 1992-95-жылдары куралданган топторду түзүп, бир катар кылмыштарды жасаганы боюнча далилдерди таап чыгышкан. Аларга Боснияда, Хорватияда жана Герцеговинада этникалык тазалоо жүргүзүүгө катышканы боюнча айып коюлууда.