Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Назарбаев: Казакстанды “татаал жол” күтүп турат


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 16-декабрь – Эгемендик күнүнө арналган жыйында элге кайрылып, мамлекеттеги тынчтык менен коопсуздукту баалоого чакырды. Ал дүйнөдө миллиарддан ашуун адам чыр-чатак, согуш болуп жаткан жерлерде жашоого аргасыз экенин, теракттар ишке ашырылып, жүз миллиондогон кишилер үй-жайсыз, ачка жүргөнүн эске салды. Назарбаев алдыда Казакстанды мындан дагы татаал жол күтүп турганын айтып, ошол эле кезде азыркы экономикалык каатчылык да жеңиш менен аяктай турганына көзү жетерин билдирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, азыр өлкө экономикалык оор кырдаалды баштан кечирүүдө. Мунай баасынын арзандашынан ички дүң өнүмдүн өсүү ыргагы быйыл 4,1 пайыздан 1 пайызга төмөндөдү.

Казакстан Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Украинадагы кырдаал жана Крымдагы саясаттан улам Батыштын Орусияга жарыялаган санкциялары аталган уюмдун курамындагы өлкөлөргө, анын ичинде Казакстанга да олуттуу таасир этүүдө.

Расмий Астананы тынчсызданткан дагы бир топ көйгөйлөр бар. Алар - диний экстремизм коркунучу жана социалдык чыңалуу менен байланыштуу. Казак бийлиги сөз эркиндигининин ооздукталышы жана чыныгы оппозициянын жоктугунан да Батыштын сынына кабылып келет. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG