Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинин алкагында өкмөт башчыларды Кытай төрагасы Си Цзиньпин кабыл алды. Ага Кыргызстандан өкмөт башчысы Темир Сариев да катышты.
Өкмөт башчылардын жыйыны 15-декабрда Чжэнчжоу шаарында, ал эми төрага менен жолугушуу 16-декабрда Ханчжоу калаасында болду.
Жыйында негизинен экономикалык багыттагы кызматташтык талкууланып, бир катар биргелешкен жыйынтык документтер кабыл алынды.
Темир Сариев бүгүн экинчи эл аралык интернет-конференциянын ишине катышкандан кийин Бээжинге жөнөйт. Ал жакта кыргыз өкмөт башчысынын Кытайга расмий сапары башталат.
Эки күн ичинде Темир Сариев Кытай мамлекетинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. 17-декабрда CCTV телеканалына интервью берип, тарыхый жана маданий эстеликтерге гүл койгондон кийин Бишкекке кайтат. (SE\RK)