Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Келдибековдун адвокаттары шаардык сотко кайрылды


Акматбек Келдибеков сотто
Акматбек Келдибеков сотто

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, жарым-жартылай соттолгон Акматбек Келдибековдун жактоочулары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, адвокаттар Келдибековдун толук акталышын талап кылышууда.

12-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Келдибеков Салык кызматын жетектеп турганда "Бизнес партнер" деген компания менен келишим түзүп, натыйжада мамлекеттик казынага 2 миллион 360 миң сом түшпөй калган деген айыпты далилсиз деп атап, толук бойдон актаган.

Ал эми Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда Москвада парламенттин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу чечими боюнча ал күнөөлүү деп табылды жана 3 миллион сом айып чегерилген.

Келдибеков 2013-жылы коррупцияга шектелип кармалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал Социалдык фонддо, Бажы кызматында жетекчи жана Жогорку Кеңештин спикери болуп иштеген. (UEz)

XS
SM
MD
LG