Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Биометрикалык паспортко айдоочулук күбөлүк бириктирилет


Биометрикалык ID карт-паспортторго айдоочунун күбөлүгү жана медициналык китепче бириктирилиши мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, биометрикалык ID карттарга айдоочунун күбөлүгү жана медкарталар электрондук чип аркылуу бириктирилет. Мындай паспорттор 2016-жылдын экинчи жарымынан тарта берилиши күтүлүүдө.

Кыргызстан боюнча биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны үч миллионго жакындады. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар саны беш миңден ашты. Калганы ага чейин тапшырган. (UEz)

XS
SM
MD
LG