Шаардын “Достук” аймагында 100 балага ылайык жаңы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан “Азаттыкка” билдиришти.
Бала бакчага имаратына эл аралык уюмдардан жана шаардык бюджеттен 10 млн. сом сарпталган. Ошондой эле жаңы бала бакча заманбап интерактивдүү такталар, телевизорлор жана тиешелүү жабдуулар менен толукталды.
Учурда облуста 183 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери болсо, анда 21 миңден ашык бала тарбияланат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу көрсөткүчү 16,8 пайызды түзөт. (RsK)