Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Түрк хирургдары Жалал-Абадда акысыз операция жасоодо


Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк регионалдык жүрөк кан -тамырлар илимий изилдөө борборунда Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникалардан келген ондон ашык кардиолог-хирургдардын тобу бейтаптарга акысыз операция жасашууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Маматжан Миянов “Азаттыкка” билдирди.

- Ден соолук жумалыгынын алкагында дарыгерлер тажрыйба бөлүшүү менен катар тургундарды кароодон өткөрүп, күн сайын 2-3 бейтаптын жүрөгүнө операция жасашууда, - деди Миянов.

Өткөн жумада бул дарыгерлер Бишкек шаарында 14 жүрөк оорулууга акысыз операция жасашкан. Кийинки жумада алар Ош шаарында болушат. Бул эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG