Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Бээжинде кыргыз–кытай сүйлөшүүлөрү өттү


Премьер-министр Темир Сариев ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынында. 15-декабрь, 2015-жыл.
Премьер-министр Темир Сариев ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынында. 15-декабрь, 2015-жыл.

Премьер-министр Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы бүгүн кытай өкмөт башчысы Ли Кэцян баштаган расмий өкүлдөр менен жолукту.

Бүгүнкү эки тараптуу сүйлөшүүлөр айрым эки тараптуу документтерге кол коюу менен аяктады. Алардын эң башкысы кыргыз өкмөтү менен "ТранскыргызгазПайплан" компаниясынын ортосундагы инвестициялык келишим.

Бул документ Түркмөнстандын газын Кытайга чыгаруучу куурдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн курулуш жана иштөө шарттарын карайт.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү жана маданият министрликтери ортосундагы кызматташтык макулдашууларына да кол коюлду.

Премьер-министр Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы Кытайга апта башында, Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган. Эртең Бээжинде ишкерлер үчүн кыргыз-кытай инвестициялык форуму да өткөнү жатат. (RK/UE)

XS
SM
MD
LG