Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Өкмөт четтен учуп келген туристтерден 10 доллардан алууну сунуштоодо


Өкмөт жаңы жылдан баштап тыштан учуп келген туристтерден 10 доллардан жыйым алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү аэропортторду жаңылоо учүн кошумча каражат табуу максатында ушул демилге каралууда. 10 доллар авиабилеттердин баасына кошулат.

- Ушул тапта өлкөгө тыштан келген турист, коноктордон 10 доллардан алуу маселесин Тышкы иштер министрлиги менен бирге карап жатабыз. Бул эл аралык норманы көпчүлүк өлкөлөр колдонушат. Алсак, Египет дагы өз аэропортторунда 10 доллардан чогултат. Биз дагы ушундай кылып, жергиликтүү аба майдандарды өнүктүрсөк болот, - деди Уезбаев.

Эске салсак, өкмөт башчы Темир Сариев 15-декабрда атайын буйрукка кол кол койгон. Ага ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөгө учкан ар бир жаран 15 доллардан төлөйт. Буга чейин ал сумма 10 доллар болчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG