Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Миграцияга байланыштуу маалыматтар базасы түзүлүүдө


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту “Кеңейтилген миграция профили” долбоорунун алкагында ички жана тышкы миграцияга байланыштуу маалыматтар топтомун түзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин илимий кызматкери Жамила Эрсакова билдирди. Анын айтуусунда долбоор жылдын башында Эл аралык миграция уюму менен бирге пландалган:

-Кыргызстанда мигранттарды каттоого алуу системасы толук эмес. Көп маалыматтарды Орусиянын Федералдык миграция кызматынан алганга мажбурбуз. Өлкөнүн өзүнүн кеңейтилген базасы болушу үчүн бул долбоор зарыл. Анда ички жана тышкы миграция багыты өз өзүнчө даярдалат.

Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары чет өлкөдө. Көпчүлүгү Орусияда. Алардын саны расмий 700 миң деп айтылса, бейрасмий миллиондон ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG