Кыргызстандын Акыйкатчысы болууга талапкерлер тийиштүү документтерди Жогорку Кеңешке тапшыруучу мөөнөт шаршембиде аяктаганын “Азаттыкка” парламент аппаратынан ырасташты.
Бирок парламенттин документтерди кабыл алууга жоопкер адамдары шаршемби кечинде канча адам арыз бергенин ачыктоодон баш тартышып, муну ички эреже менен негиздешти.
Буга чейин парламенттеги 6 фракция 8 талапкерди көрсөтүп, 10-декабрдагы шайлоодо Жогорку Кеңеш алардын бирин да колдобой койгон. Шайлоо анда үч айлампа менен өткөн эле.
Жарандык активисттер жана айрым парламентарийлер өздөрү Жогорку Кеңештин Акыйкатчы институтуна жасаган бул мамилесин жоопкерсиздик жана саясий оюн катары баалашкан.
Өзгөчө акыркы эки айламада талапкерлердин баарына атайылап каршы добуш берген башкаруучу коалициядагы КСДП жана “Кыргызстан” партиясынын депутаттары сынга кабылган болчу.
Мыйзамга ылайык, мурдагы шайлоого катышкандар бул жолу талапкерлигин кайрадан койо албайт. Акыйкатчы болгусу келгендерди Жогорку Кеңештеги партиялар сунуштайт же талапкер өзүн-өзү көрсөтсө болот. (UE/SE)