Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:21

Түркия орус учагы үчүн компенсация төлөбөйт


Орус учагынын кыйрашы Анкара менен Москванын алакасына жарака алып келди.

Түркия тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Танжу Билгич Анкаранын бул турумун бүгүн кайрадан жарыялады.

Мунун алдында орус тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков Түркияны атып түшүрүлгөн учак үчүн компенсация төлөөгө чакырган эле.

Орусиянын аскерий учагы Түркия –Сирия чек арасында 24-ноябрда кыйрап, учактын эки учкучунун бири мерт болгон.

Анкара учак бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай Түркиянын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Орусия болсо учак Сириянын аба мейкиндигинен чыккан эмес деп ырастап, жооп чара иретинде Түркияга каршы айрым экономикалык санкцияларды киргизди. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG