Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:37

Орусия Украина менен эркин соода режимин токтотот


Эркин соода аймагы боюнча Орусия менен Украина ортосундагы келишимдин күчүн 2016-жылдын 1-январынан тарта токтотууну буйруган жардыкка президент Владимир Путин кол койду.

Жардыкта мындай чечим Орусиянын кызыкчылыктарын жана экономикалык коопсуздугуна тиешелүү жана аны коргоону талап кылган шарт-жагдайга байланыштуу кабыл алынганы көргөзүлгөн.

Өз ара соодада эки тарап тең бажы төлөмдөрүн, салыктарды, башка төлөмдөрдү жойгон келишимге 2011-жылы кол коюлган эле.

2016-жылдын 1-январынан тарта Украинанын Евробиримдик менен эркин соода келишими иштей баштайт.

Мурдараак Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Украина бир эле учурда Евробиримдик жана Орусия менен эркин соода мамилесинде боло албайт деп билдирген.

Бул аралыкта бүгүн украин өкмөтү Орусия анексиялаган Крым менен соода-сатыкты отуз күндүн ичинде токтоторун жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG