Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жалал-Абад: конcервадан ууланган кыз өзүнө келбей жатат


Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 1-декабрында тамактан ууланган 5 жашар кыз дагы эле өзүнө келбей жатат. Облустук клиникалык оорукананын дарыгери Анара Ташполотованын айтуусунда, бейтап консерваланган азыктан ууланып, ботулизм илдетине чалдыккан.

Кыз менен кошо атасы да ууланган. Ал 10 күн дарыланып, үйүнө чыгарылды. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунан алынган маалыматка ылайык, быйыл облус аймагында ботулизм дартына чалдыккан 24 адам катталып, үчөө каза болду.

Адистер үй шартында жабылган консерваланган азыктарды колдонууда сак болууга чакырат. (RsK)

XS
SM
MD
LG