Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Нарын шаарынын жолдорун 3.5 млн сомдук унаа тазалайт


Нарын шаардык «Таза-Нарын» ишканасына МАЗ КО-173Н үлгүсүндɵгү жол тазалоочу унаа алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди. Аталган техника өкмɵткө караштуу Айлана-чɵйрɵнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин жардамы менен алынды. Кышында кар түртүп жол тазаласа, жайында жол жээктерин шыпырып, жууйт.

Жол тазалоочу унаанын наркы 3 млн. 470 миӊ сомду түзүп, анын 2 млн. 770 миӊ сомун аталган агенттик берген. 700 миӊ сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошулган. (MiK)

XS
SM
MD
LG