Орусия курамындагы Дагестан республикасынын Кызылюрт шаарында полиция менен кагылышууда үч согушкер жок кылынды. Күч түзүмдөрү тараткан кабарга ылайык, 16-декабрь күнү калаанын борбордук бөлүгүндө жоочулар алгач полиция кызматкерлерине кол салган. Жайкын тургундар жана күч түзүмүндөрүндө курман болгондор жок.
Ошол эле күнү Дербент районундагы өрт өчүрүү ишканасына да куралдуу белгисиз топ кол салып, үч адамды жарадар кылды. Экөөнүн абалы оор.
Дагестандыктар бир канча жылдан бери экстремисттик топтордон жабыркап келишет. Алардын бутасына көбүнчө күч органдарында иштегендер, журналисттер жана аткаминерлер туш болот. (SE)