Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

“Дан” ишканасынын башчысы камакка алынды


“Дан” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Валерий Новиков камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Валерий Новиковго ушул жылдын июль айында кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын тергөө башкармалыгы Новиков мамлекеттик резервге буудай сатып алууда 2 млн. 308 миң сом зыян апкелгенин аныктаган.

Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын тергөө абагына камады. Учурда тергөө иштери улантылып жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG