Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бээжиндеги кыргыз-кытай инвестициялык форуму аяктады


ШКУ өкмөт башчыларынын Кытайдагы жыйыны, 15-декабрь, 2015-жыл.
ШКУ өкмөт башчыларынын Кытайдагы жыйыны, 15-декабрь, 2015-жыл.

Кытайдын борборунда өткөн кыргыз-кытай инвестициялык форуму аяктады. Ага Темир Сариев баштаган өкмөттүк делегация катышты. Экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан инвестчилер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөнүн айтып, кытайлык ишкерлерди инвестиция салууга чакырды. Ал ар бир инвестчи 10 жылга чейин өзүнө ыңгайлуу иш тартибин тандап алса болору маалымдалды.

Форум соңунда эки өлкө ортосунда чек арада соода жүргүзүү, “Бай түшүм” банкы менен Кытайдын IZP компаниясы өз ара кызматташуу боюнча макулдашылды.

Өкмөт башчынын Кытайга иш сапары бүгүн аяктайт. Темир Сариев баштаган делегация ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын 14-декабрдагы Чжэчжоу шаарындагы жыйынына катышкан. (RK/UEz)

XS
SM
MD
LG