Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Түркмөн газы Кытайга Кыргызстан аркылуу өтөт


Газ кууру Алай аркылуу өтөт.
Газ кууру Алай аркылуу өтөт.

Долбоор 35 жылга эсептелет, жалпысынан бир жылда 30-36 млрд куб метр түркмөн газы Кыргызстан аркылуу Кытайга өтөт. Бул тууралуу экономика министринин энергетика боюнча орун басары Айбек Калиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз өкмөтү менен кытайдын “Транс-Азия-Пайплэйн” компаниясы ортосундагы мындай макулдашууга кечээ Бээжинде кол коюлду.

Түркмөн газ куурунун 220 чакырымы Оштун Алай, Чоң Алай райондору аркылуу өтөт. Бул үчүн кыргыз өкмөтү 18 гектар жер бөлгөн. Кытай Кыргызстанга газ транзити үчүн салык төлөйт. Газ түтүгүнүн курулушу 2016-жылдын март-апрелинде башталат. (RK/UEz)

XS
SM
MD
LG