Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жалал-Абадга эки логистикалык борбор салынат


Облуста өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарларына курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

- ЕАЭБге кирген өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын экспортоодо логистикалык борборлорду куруу зарылчылыгы жаралууда. Бул кийинки жылы ишке ашат, - деди Исаев.

Европалык стандартка ылайык салынган борбордо үч миң тоннага чейин жашылча-жемиштер сакталып, экспортко чыгарылмакчы. Быйыл облус аймагынан 2600 тонна кара өрүк, 4900 тонна жаңгак жана 3800 тонна пахта экспорттолгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG