Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Казакстан Желтоксон окуясын эскерүүдө


Казакстан - Желтоксон окуясын эскерүү. Алматы, 17-декабрь, 2015.
Казакстан - Желтоксон окуясын эскерүү. Алматы, 17-декабрь, 2015.

Өлкөнүн мурдагы борбор калаасы Алматыдагы Желтоксон окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган "Төбөлсүздүк таңы" эстелигинин алдына бүгүн жүздөгөн адам чогулуп, маркумдарга Куран багышталды. Эскерүүгө 1986-жылдагы бул окуянын күбөлөрү, коомдук ишмерлер жана калаа башчысы Бауржан Байбек баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Бирок быйылкы иш-чараны мурдагы жылдардагыдай эскерүү митинги коштогон жок. Эстеликке гүл коюлуп, Куран окулган соң чогулгандарды атайын автобустар менен Алматы акимчилиги уюштурган ашка алып кетишти.

Мындан 29 жыл мурда, 1986-жылдын 16-19-декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги өлкө башчысы, же тактап айтканда Казакстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбин дайындалышына каршылык билдирип чыккан. Кремль саясатына каршы бул акция күч менен таратылып, ал кийин куугунтук жана басым-кысымдар менен коштолгон. Анын запкысынан кийин бир канча адам мерт болгон. “Желтоксон козголоңу” деп аталып калган бул окуядан соң ондогон адамдар соттолуп кеткен. Расмий маалыматта Желтоксон окуясына байланыштуу 99 адам ар кандай мөөнөткө соттолгону, айрымдары өлүм жазасын алганы айтылган.

Тарыхчылар бүгүнкү күнгө чейин Желтоксон окуясы канча өмүрдү алганы так белгисиз экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG