АКШ федералдык резервдик системасы (FRS) шаршембиде базалык пайыздык көрсөткүчтү акыркы он жылда алгач ирет көтөрдү. Ал чейрек проценттик пунктка жогорулады. Айрым серепчилер муну өлкө экономикасы 2007-2009-жылдардагы финансы кризисинин залдарынан арылып, сезилерлик оңоло баштаганынын белгиси катары баалоодо.
FRS башчысы Жанет Йеллен муну менен "жагымсыз жагдай" болуп калган учурда пайыздык көрсөткүчтү кайра төмөндөтүү мүмкүндүгүн четке какпайт. Бул тууралуу ал базалык пайыздык көрсөткүчтү көтөрүү чечими кабыл алынган ачык нарк боюнча комитеттин чогулушунан кийинки маалымат жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, азыр АКШ экономикасы үчүн кооптонуу азайды.
Финансы саясатын аныктаган FRS комитети быйыл эмгек базарындагы жагдай жакшырды деп санайт жана инфляциянын өсүүсү орточо алганда 2 процент болорун болжойт.
Федералдык резерв системасынын бул кабарынан соң каржы базарында Доу-Жонс индекси жарым пайызга өсүп, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 3 пайызга арзандаган. 2006-жылдын декабрынан бери FRS банк аралык насыянын кайтарым көрсөткүчүн 0-0, 25 өлчөмүндө кармап келген.