Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Орус абагындагы украин учкучу ачкачылык жарыялады


Орусия -- Надежда Савченко сотто. Ростов облусундагы Донецк шаары, 17-декабрь, 2015.
Орусия -- Надежда Савченко сотто. Ростов облусундагы Донецк шаары, 17-декабрь, 2015.

Ростов облусундагы Донецк шаардык соту Украин учкучу Надежда Савченкону камакта кармоо мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартты. Сот муну менен прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырды. Бул чечимге нааразы болгон Савченко эртеңден тарта ачкачылык акциясын баштарын билдирип, өзүн тезинен бошотууну талап кылды.

Ал былтыр Украинанын чыгышында орусиялык эки журналист өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Савченко буга чейинки сотто өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен анын баары жалган жалаа экенин айткан. Ал өзүн орусиячыл жикчилер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет. Украин бийлиги менен кошо Батыш өкмөттөрү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Орусиядан аны бошотууну талап кылып келатышат.

Өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында отурган украин учкучу буга чейин да эки жолу ачкачылык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG