Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Путин: Кадрларды жөнсүз алмаштыруу тоскоолдук гана кылат


Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.
Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.

Орус президенти Владимир Путин бүгүн салтка айланган жылдык чоң маалымат жыйынын өткөрүүдө. Өкмөт ишине канааттанар-канааттанбасы, өкмөт курамындагыларды алмаштыруу керекпи-жокпу деген суроого жооп берип жатып Путин "кадрларды жөнсүз эле алмаштыра берүү керек эмес, ал тоскоолдук гана кылат", - деп айтты. Ошондой эле жалпысынан өкмөт ишине ыраазы экенин, бирок өкмөт мындан да жакшы иштесе болмоктугун белгиледи.

Өлкө экономикасынын келечеги тууралуу сөзүндө президент өкмөт ар кандай сценарийге даяр турууга тийиштигин айтты.

Москва биржасында болсо орус акчасынын арзандашы уланып, Путин сүйлөп жаткан учурда бир доллар 71 рубльга жетти.

Орус президенти 2001-жылдан бери жыл соңунда чоң маалымат жыйынын өткөрүп келатат. Мындай суроо-жооп жыйын эң узакка созулган учур 2008-жылы болгон. Анда 4 саат 40 мүнөт ичинде Путин 106 суроого жооп берген.

11-жолу өтүп жаткан бүгүнкү маалымат жыйынына орусиялык жана чет элдик маалымат каражаттарынын 1390 кызматкери катталган.

XS
SM
MD
LG