Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Башар Асад боюнча Москванын позициясы өзгөрбөйт


Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.
Орусия -- Президент Владимир Путин маалымат жыйынында. Москва, 17-декабрь, 2015.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин бүгүн жылдык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Сирия президенти Башар Асад боюнча Москванын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат, өлкөнү ким, кандай стандарттар менен башкарарын Сирия эли гана аныкташы керек", - деди Путин.

Ал ошондой эле Асаддын куралдуу күчтөрү ислам согушкерлерине каршы кармашып жатканда Орусия да Сириядагы күрөшүн уланта берерин билдирди. Орус аба күчтөрү президент Башар Асаддын өтүнүчү менен быйыл 30-сентябрдан тарта Сирияда аба чабуулун баштаган.

АКШ жана анын шериктештери Сириядагы бир канча жылга уланган согушту токтотуп, тынчтык орнотуу үчүн Башар Асад кызматтан кетиши зарылдыгын, бул жараян ансыз мүмкүн эместигин айтып келет.

XS
SM
MD
LG