Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Жер титирөөдө жабыркагандарга 44 миллион сомдон ашуун акча чогулду


Жер титирөөдөн жабыркаган имараттар.
Жер титирөөдөн жабыркаган имараттар.

Ноябрь айындагы жер титирөөдөн үйлөрү зыянга учураган жарандарга жардам иретинде чогулган акча 44 миллион 152 миң сомдон ашты. Андан сырткары 115 994 АКШ доллары чогулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Банкта ачылган атайын эсепке акча которуулар уланууда.

17-ноябрдагы күчү 7 баллга жакын жер титирөөдө Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 177 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу болгон Чайчы кыштагында учурда 110 үй-бүлө көчмө-темир үйлөргө киргизилген. Калган 60тай кожолук убада кылынган көчмө үйлөрдү күтүп жатат. Бирок тургундар суук аба ырайынан улам кыйынчылык болуп жатканын белгилешүүдө.

Жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар Кыргыз инвестициялык кредиттик банктын (KICB) Оштогу бөлүмүндө ачылган атайын эсепке акча которо алат.

Эсеп номуру: 1280036023646355, БИК 128003 (SE)

XS
SM
MD
LG