Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Футбол федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарат


Кыргызстан курамасы
Кыргызстан курамасы

Бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, алдыңкы футбол адистерин сыйлоо аземин өткөрөт. Федерациянын басма сөз катчысы Наталья Угрюмованын “Азаттыкка” билдиришинче, салтанаттын жүрүшүндө “Жылдын мыкты калысы”, “Мыкты футболчу”, “Мыкты чабуулчу” жана башка 10 номинация боюнча сыйлыктар берилет.

Ошондой эле Кыргызстандын быйылкы чемпиону - Оштун “Алай” футболдук клубу менен Кыргызстандын кубогуна ээ болгон Канттын “Абдыш-Ата” клубу сыйланат. Иш-чара Тарых музейинде өтөт.

Кыргыз футболунда 2015-жылы бир катар өсүштөр болду. Өлкө курамасы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарына катышып, бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 152-орундан 108-тепкичке көтөрүлдү. (Ech)

XS
SM
MD
LG