Дубай полициясы атайын операциянын натыйжасында куралдуу коркутуу менен талап-тоноочулук кылып жүргөн кылмыштуу топту кармады. Алар кыргызстандыктар жана уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин "Азаттыктын" өздүк булактары кабарлады.
Шаар полициясынын башчысы Хамис ал Маттар Музейн билдиргендей, кылмышка шектүүлөр 13-декабрь күнү Al Razouki Exchange аттуу акча алмаштыруучу пунктка беткапчан бастырып кирип, кызматкерлерди курал менен коркутушкан. Көздөн жаш агызган газды колдонуп, 190 миң долларды алып кетишкен. Алар Дубайдан чыгып кетүүгө камынып жаткан кезде кармалышкан. Ишти азыр прокуратура тергеп жатат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул маалымат иликтенерин маалымдады. (SE)