Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Иранга киргизилген санкциялардын айрымдары алынышы мүмкүн


АКШ бийлиги Иранга каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынарын билдирди. Мамлекеттик катчы Жон Керри Сенаттын Тышкы иштер боюнча комитетине жолдогон катында Тегеран айрым милдеттенмелерди аткарып жатканын белгиледи.

Комитеттин абройлуу мүчөлөрүнүн бири, Демократиялык партиянын сенатору Бен Кардин санкциялардын айрымдары январда алынарын маалымдады. Мурдараак президент Барак Обаманын администрациясы бул жараян эрте жазда башталышы ыктымалдыгын божомолдогон эле.

Иран жана дүйнөлүк алты мамлекеттин ортосунда өткөн жылдын ноябрында түзүлгөн келишимге ылайык,Тегеран өзөктүк программаларын чектөөгө барса, Батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларды алып салат. (SE)

XS
SM
MD
LG