Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Алматыда Nakanune.kz сайтынын кеңсеси тинтилди


Казакстанда Nakanune.kz деген оппозициялык сайттын Алматыдагы кеңсесинде полиция тинтүү жүргүздү. Анын алдында сайттын ээси Гулаль Байдалинованын жана сайттын юристи Юлия Козлованын, журналист Рафаэль Балгиндин үйлөрүн да шаар ички иштер департаментинин кызматкерлери тинтишкен. Департаменттин өкүлдөрү ырастагандай, "Республика" жана "Накануне" интернет булактары Казкоммерцбанк жана башка адамдардын ишмердиги жөнүндө жазган макалаларында билип туруп, жалган маалымат жарыялаган деген факт боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Маалыматка караганда, тергөөчүлөр «макалаларды жазууга заказ берген жана аларды жайгаштырууга көмөктөшөкн адамдарды» аныкташкан. Полиция буюртма бергендер редакцияга накталай акча төлөгөн деп, массалык маалымат каражаттарын каржылоонун көмүскө каналы тууралуу билдирди. "Республика. Деловое обозрение" басылмасынын сайты жана тиркемелери – бардыгы болуп 30 чакты оппозициялык маалымат каражаттарына Казакстанда соттун чечими менен 2012-жылы тыюу салынган. Бийлик анын бардыгын «Массалык маалымат каражат - "Республика» деген бирдиктүү аталышка бириктирип, экстремисттик деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG