Түркиянын түштүк-чыгышындагы Силопи жана Жизре шаарларынын айланасында үч күнгө созулган куралдуу уруштун натыйжасында 54 күрт согушкери жок кылынды.
Түркиянын Анадолу мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирак менен Сириянын чек арасына жакын жайгашкан ал шаарларда жашырынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлерин полиция изин суутпай тапкан. 14-декабрда башталган атайын операция учурунда бул шаарларга коменданттык саат киргизилген.
Атайын операцияга танктын колдоосу астында полиция менен аскерлер биригип, 10 миңге чукул адам тартылган. Расмий Анкара менен Күрт жумушчу партиясынын ортосундагы ок атышпоо тууралуу макулдашуу быйыл июль айында бузулган.