Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Армян үй-бүлөсүн өлтүргөн орус аскеринин үстүнөн сот башталды


Валерий Пермяков
Валерий Пермяков

Армениянын Гүмри шаарынын тургуну Аветисяндын жети үй-бүлө мүчөсүн өлтүрдү деп шектелген Валерий Пермяковдун соту аталган шаардагы Орусиянын аскер базасынын аймагында жүрүп жатканына жабырлануучу тарап нааразы болду.

Өлтүрүлгөн Асмик Аветисяндын эжеси Рита Петросян Валерий Пермяков бул ишти жалгыз жасады дегенге ишенбей турганын айтты. Быйыл августта Гүмридеги Орусиянын аскер базасынын гарнизондук соту Пермяковду "дезертирлик, курал уурдоо жана мыйзамсыз алып жүрүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Азыр эми армян соту Пермяковдун ишин "массалык адам өлтүрүү" беренесинин негизинде териштирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Аветисяндын жети үй-бүлө мүчөсү, анын ичинде эки наристе да кошо киши болдуу болгон. Жоокерге каршы кылмыш иши Армения жана Орусия тараптан тең козголгон. Соттолуучу Валерий Пермяков күнөөсүн моюнуна алган.

XS
SM
MD
LG