Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Сариев өмүр бою кесилгендерге салынып жаткан абактын курулушу менен таанышты


Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн салынып жаткан абактын курулушу 2007-жылдан бери жүрүп келе жатат. Ушул тапта аны 2016-жылдын аягына чейин бүткөрүп, соттолгондорду жайгаштыруу жагы каралууда.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Абакты курууга жалпы 374 миллион сом каралып, бүгүнкү күндө анын 70 пайызы пайдаланылган. Каражаттын тартыштыгынан курулуш иштери кечеңдеп келген.

Жаңы жылдын биринчи кварталында абактын биринчи корпусу ачылып, ага соттолгон жүз адамды жайгаштыруу пландалууда.

Жалпысынан абак 400 кишиге эсептелген. Корпустардын эшиктери ичинен атайы чип менен ачыла турган болуп, көзөмөл камералар, ошондой эле уюлдук телефон байланышын иштетпей өчүрө турган апараттар орнотулган.

Бүгүн абактын курулушу менен өкмөт башчы Темир Сариев таанышып келди. (AzK)

XS
SM
MD
LG