Эртең Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети Суу кодексин өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорду карайт. Бул документти өкмөт сунуштап жатат.
Буга чейин мыйзам долбоору ушул жылдын этегине чейин кабыл алынбаса, Кумтөр кенинде иш токтоп калары айтылган. Давыдов мөңгүсүн бузууга жол ачкан, коомчулукта нааразылык жараткан бул мыйзам долбоор ушул жылы жайында, өткөн чакырылыштагы парламенттин тушунда кабыл алынбай калган эле.
Мыйзамды өкмөт Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу.
“Кумтөр” ишканасынын басма сөз катчысы Нуржан Алымканованын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта ишкана өкмөттүн убактылуу токтому менен иштеп жатат. Анын мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктайт. (AzK/EBM)