Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Бомба тууралуу жалган маалымат берген адам изделүүдө


УКМКнын билдиришинче, бүгүн эл аралык "Манас" аэропортунун электрондук дарегине бомба тууралуу маалымат түшкөн. ИИМдин жана аэропорттун Авиациялык коопсуздук боюнча кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бул жалган билдирүү экендиги аныкталды. Аэропорт азыр кадимки режимде иштеп жатат, ошол эле учурда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жалган билдирүү белгисиз IP-даректен келген. Ушул тапта аны жөнөткөн кишини аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды белгисиз буюмдарды таап алган учурда сак болуп, бул тууралуу атайын кызматка 0(312) 660475, 0(312) 626504 же 102 номурлары аркылуу кайрылууга чакырат.

Ошол эле учурда УКМК террордук акт туурасында атайын жалган билдирүү тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылып, айыппул төлөп, түзөтүүчү иштерге тартыларын же үч жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет. (AzK)

XS
SM
MD
LG