Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:56

Ооганстандын жергиликтүү бийлиги Гилменд провинциясын алдыруу коркунучун эскертти


Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен талиптер урушу уланууда.
Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен талиптер урушу уланууда.

Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары Мохаммаджан Расуляр президент Ашраф Ганиге жазган ачык катында тез арада аскердик жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Расуляр провинция талиптердин кол алдында калып калыш коркунучуна капталганын билдирген.

Губернатордун орун басары бир нече аймактарда оор күрөш жүрүп жатканын белгилеп, Сангин району басылып алынарын эскерткен. Ооганстандын коргоо министрлиги Гилменд провинциясында согуш жүрүп жатканын тастыктап, бирок талиптер оор жоготууга учураганын маалымдоодо. Министрлик 20-декабрда Гилменд провинциясында 150 талип жоокери өлтүрүлгөнүн, өкмөттүк аскерлер 11 аскерин жоготконун кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG