Анда келерки жылдын бюджет долбоору каралат. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда бейшемби күнү жактырды. Бюджеттин кирешеси 124 млрд. сом, чыгашасы 147 млрд. сомго жакын, тартыштыгы 22 млрд. сомдон ашуун деп кабыл алынды. Оппозициялык фракциялар бюджеттин тартыштыгын 10 млрд. сомго кыскартууну сунушташууда. (AiT)