Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

“Айчүрөк” базарынын сатуучулары Ак үй алдына митингге чыкты


"Айчүрөк" базарынын соодагерлеринин Ак үй алдындагы митинги. 21-декабрь, 2015-жыл.

Бишкектеги “Айчүрөк” базарынын 50дөн ашуун сатуучусу бүгүн Ак үй алдына митингге чыгып, соода жайды жабуу чечимине нааразылык билдиришти. Алар насыя менен иштеп атышкандыктан, жок дегенде бир жыл ошол жерде соода кылууга уруксат берүүнү суранышты.

Аталган базар баш калаадагы “Айчүрөк” соода борборунун артында жайгашкан. Ал жерде 300 чамалуу ишкер соода кылат. Мэрия ал жерди унаа токтотуучу жай кылуу чечимин чыгарган. Буга байланыштуу соода борборунун жетекчилиги базарды жабуу аракетин көрүүдө.

Нааразылыкка чыккандар акцияны мэриянын жанында улантмай болуп жатышат. (SE\SDz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG