Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Словенияда бир жыныстуу никеге каршы добуш беришти


ЛГБТ коомунун желеги
ЛГБТ коомунун желеги

Словенияда жекшемби күнкү референдумда жарандардын басымдуу бөлүгү бир жыныстуу никеге каршы добуш беришти. Шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 35% көбүрөөгү катышып, алардын дээрлик 64% эркек менен эркектин же аял менен аялдын баш кошуусуна каршы экендигин билдиришкен.

Быйыл март айында Словения парламенти бир жыныстуу никени колдоп, референдум өткөрүү сунушун киргизген болчу.

Учурда дүйнөнүн 18 мамлекетинде бир жыныстагы кишилердин бири-бирине үйлөнүүсү мыйзамдаштырылган. Ал мамлекеттердин 13ү Европада. (SE)

XS
SM
MD
LG